Котормо борборунун жамааты жалпы республикалык ишембиликке катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун кызматкерлери 2026-жылдын 19-сентябрында өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Ишембиликте алар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эмгек жамааты менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунда тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Иш-чара айлана-чөйрөнү коргоо, коомдук жайлардын тазалыгын камсыз кылуу жана экологиялык маданиятты жогорулатууга багытталды.
Жалпы республикалык ишембилик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулду.

Борбордун жамааты коомдук маанидеги иш-чараларга активдүү катышуу менен социалдык жоопкерчиликти жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу принциптерин колдойт.

Котормо борбору Facebook'та.