Перейти к основному содержанию
fffff

Мамлекеттик тил күнү кут болсун!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мамлекеттик маанидеги укуктук документтердин сапаттуу которулушун камсыздап, кыргыз тилинин расмий чөйрөдө кеңири колдонулушуна кызмат кылып келе жаткан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору жалпыңыздарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Кыргыз тили – элибиздин тарыхын, дүйнө таанымын, руханий байлыгын кылымдардан кылымдарга жеткирген улуу мурас. Ал – улуттук өзгөчөлүгүбүздүн өзөгү, муундарды бириктирген руханий көпүрө жана мамлекеттүүлүгүбүздүн маанилүү тиреги.

Мамлекеттик тилдин кадыр-баркы аны күнүмдүк турмушта, билимде, илимде, маданиятта жана мамлекеттик башкарууда кеңири жана сабаттуу колдонуу менен бийиктейт. Кыргыз тили заман менен бирге өнүгүп, коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө толук кандуу кызмат кылышы – жалпыбыздын максатыбыз.

Эне тилибизге болгон урмат ар бирибиздин сөзүбүздөн, ишибизден жана мамилебизден көрүнүп турсун.

Мамлекеттик тил күнү кут болсун!

Кыргыз тилибиздин кадыр-баркы бийик, келечеги кең болсун!