Перейти к основному содержанию
Ынтымак ордо

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Мамлекеттик тил жана лингвистикалык экспертиза бөлүмү менен кызматташуу

2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Мамлекеттик тил жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн кызматкерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага Котормо борбордун директору Тамара Абылкасымова жетекчилик кылып, Борбордун жамааты, ошондой эле аталган министрликтин бөлүм башчысы Жылдыз Дегенбаева жана башкы адиси Мээрим Чалбаева катышты.

 

Талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү, терминологияны кодификациялоо жана Евразия экономикалык бирлигинин документтериндеги техникалык регламенттерди которуунун өзгөчөлүктөрү каралды.

 

 
Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамынын жана мамлекеттик тилге тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу максатында уюштурулду.
Жыйынтыгында тараптар мамлекеттик тилди өнүктүрүү, котормо жаатындагы тармактык кызматташтыкты бекемдөө жана байланыштарды мобилдештирүүнү макулдашты.