Перейти к основному содержанию
14092026

Мамлекеттик тилге кызмат: Махабат Токторбаева Ардак грамота менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун эксперти Махабат Токторбаева мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, тил саясатын ишке ашырууга жана расмий документтерди мамлекеттик тилге сапаттуу которууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Ал котормо тармагында үзүрлүү эмгектенип, расмий документтерде мамлекеттик тилдин так, сабаттуу жана бирдиктүү колдонулушуна өз салымын кошуп келет. Анын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана ишке болгон так мамилеси кесиптештер арасында жогору бааланат.

Котормо борборунун жамааты Махабат Төлөбаевнаны сыйлыгы менен куттуктап, мамлекеттик тилге кызмат кылуудагы ишине ийгиликтерди, чыгармачылык дем жана  кесиптик жаңы бийиктиктерди каалайт!

 

Котормо борбору Facebook'та.