Перейти к основному содержанию
платформа КБ

ЕЭК алкагында «Котормо платформасы» боюнча вебинар өттү

2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулган онлайн жолугушууга катышты. Иш-чараны Комиссиянын Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаменти өткөрүп, ага Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун алкагында «Котормо платформасы» автоматташтырылган котормо системасын пилоттук тестирлөө боюнча пикир алмашуу вебинары өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө Борбордун аталган багыттагы ишке жооптуу эксперти Эрлан Кадыров ар бир тилдин өзгөчөлүгүн эске алуу менен платформаны мындан ары өркүндөтүү максатка ылайык экенин белгиледи.

Вебинардын негизги максаты – аталган система менен кеңири тааныштыруу, ЕАЭБдин документтерин которууда пайда болгон айырмачылыктарды жана мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу, ошондой эле котормо ишин координациялоо жана бирдиктүү стандартка келтирүү багытында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү болуп саналат.

Белгиленгендей «Котормо платформасы» системасын киргизүү мүчө мамлекеттердин ортосунда документтердин сапаттуу жана ырааттуу которулушун камсыз кылууга, ошондой эле маалымат алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Котормо борбору 2021-жылы түзүлүп, эл аралык жана улуттук документтерди мамлекеттик тилге сапаттуу которууну борборлоштурулган негизде камсыз кылып келет.