Кадырлуу замандаштар! Котормо борборунун расмий сайтына кош келиңиздер! Биздин сайттын ишке киргенин кубануу менен билдиребиз. Борбор 2021-жылы уюшулуп, эл аралык жана улуттук документтерди мамлекеттик тилге которуу жаатында борборлоштурулган кызматтарды көрсөтүп келет. Башкысы, Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актыларын жана эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуп, аларды ЕЭКтин сайты аркылуу интернет желесине жайгаштырат. Бул кыргыз тилин жасалма интеллектте кеңири колдонулушуна салым кошууда деп ишенебиз. Кыргыз тилин өнүктүрүү жана байытуу үчүн ар дайым кызматташууга даяр экенибизди баса белгилейбиз. Урматтоо менен, Котормо борборунун командасы