Перейти к основному содержанию
mvd

Котормо борбору күч түзүмдөрүндө колдонулуучу терминдер боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү

2026-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору КР ИИМдин Э.А. Алиев атындагы Академиясынын Тилге даярдык кафедрасынын башчысы, милициянын подполковниги Каниет Шүкүров менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө күч түзүмдөрүндө кеңири колдонулган терминдерди жана сөз айкаштарын укуктук-ченемдик документтерде бирдиктүү жана так колдонуу, ошондой эле расмий котормонун сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.


Жыйынтыгында тараптар мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тармактык терминологияны өркүндөтүү, бирдейлештирүү багытында кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.