Котормо борбору менен КР ИИМдин Э.А. Алиев атындагы Академиясы кызматташууну илгерилетет
2026-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунда КР ИИМдин Э.А. Алиев атындагы Академиясынын Тилге даярдык кафедрасынын башчысы, милициянын подполковниги Каниет Шүкүров жетектеген окутуучулар жамааты, ошондой эле Академиянын акы төлөнүүчү негиздеги күндүзгү билим берүү факультетинин жетекчиси милициянын полковниги Бермет Ниязбекованын катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда мамлекеттик тилде расмий документтерди даярдоо, котормо иштеринин сапатын жогорулатуу жана терминологиялык бирдиктүүлүктү камсыз кылуу маселелери талкууланды. Ошондой эле укуктук жана административдик документтерди которууда кездешкен практикалык кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору каралды.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантып, тажрыйба алмашууну кеңейтүү багытында биргелешкен иш жүргүзүүгө макулдашты.
Котормо борбору Фейсбукта!



