Перейти к основному содержанию
Ынтымак ордо

Котормо борбору Социалдык фонд менен терминдерди бирдейлештирүү боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү

2026-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору КР Социалдык фондунун Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана лингвистикалык экспертиза жүргүзүү секторунун башчысы Тимур Ниязакунов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жөлөк пулдар жана пенсия багытындагы документтерде колдонулуучу терминдерди мамлекеттик тилде бирдейлештирүү, ошондой эле ЕАЭБ алкагында жүргүзүлүүчү документтердеги көп кездешүүчү сөз айкаштарын кыргызчага которууда кызматташуунун маселелери талкууланды.
Тараптар мамлекеттик тилди колдонуу сапатын жакшыртуу жана тармактык терминологияны кодификациялоо багытында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.