Перейти к основному содержанию
Котормо борбору, Ынтымак Ордо

КР Министрлер Кабинетинин Котормо борбору ЕАЭБдин расмий документтеринин котормосун жакшыртууга багытталган талкууга катышты

2025-жылдын 26-февралында Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулган «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тилдерине эл аралык келишимдерди жана нормативдик-укуктук актыларды жазуу түрүндө которуу» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору Тамара Абылкасымова баяндама жасады. 

ТС

Видеоконференция (ZOOM) форматында уюштурулган иш чарада Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларусь Республикасынын котормо борборлорунун жетекчилери төмөнкү маанилүү маселелерге токтолушту:


• Терминологиялык базаларды өнүктүрүү жана глоссарийлерди жаңыртуу;

 2026-жылдан тартып котормо кызматтарына тарифтерди жогорулатуу;

• Инфляциянын жана салык жүктөмүнүн котормо кызматтарынын баасына тийгизген таасири;

• 2025-жылы нормативдик-укуктук актыларды которууга артыкчылык берилген каржылоо маселеси;

• ЕАЭБ талаптарына ылайык төлөм документтерин тариздөө;

Жыйынтыгында катышуучулар котормо сапатын жогорулатуу, терминологиялык шайкештикти камсыз кылуу жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштарды берди жана анын үстүндө иштеп чыгуу кабыл алынды.